Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды


Жогорку Кеңеш имараты.
Жогорку Кеңеш имараты.

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Алгачкы жыйын символикалык түрдө гана өтүп, эч кандай маселе каралган жок.

"Республика Ата-Журт" фракциясынын жаңы депутаты Авазбек Абдугапаров ант берип, расмий түрдө ишке киришти.

Парламент төрагасы Талант Мамытов кийинки отурум келерки аптада болорун жарыялап, депутаттарды активдүү иштөөгө чакырды:

"Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштайт. Баарыңар мыйзам долбоорлору боюнча активдүү катышып, ишти улантууну суранам".

Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра бир айлык кезексиз сессиясын баштаган.

Жогорку Кеңеш 120 мандаттан турат. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кезектеги шайлоо 28-ноябрда жаңы эреже боюнча өтөт. Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өткөрүлөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG