Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган бир нече партия арыз берди

Шайлоодогу добуш берүү. Токмок шаары. 11-июль, 2021-жыл.
Шайлоодогу добуш берүү. Токмок шаары. 11-июль, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бир нече саясий партия кайрылды. БШКнын 31-августта маалымдаганы боюнча, "Кыргызстан биримдигинин патриоттук партиясы" кайрылып, шайлоонун уюштуруу иштерине ишенимдүү адамын сунуштаган.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирип, Социал-демократтар, "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", Кыргызстан Жашылдар партиясы жана "Жаратман эл" партиялары кайрылган.

Боршайком бекиткен календарлык планга ылайык, 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялар 3-сентябрь, саат 18:30га чейин расмий билдирүү калтырышы керек.

Шайлоого талапкерлерди каттоо 28-октябрга чейин жүрөт.

Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG