Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Жамбылдагы жарылуудан кийин коргоо министри кызматтан кетти


Жамбылдагы аскердик бөлүктөгү жарылуу (видеодон алынган кадр), 26-август, 2021-жыл.
Жамбылдагы аскердик бөлүктөгү жарылуу (видеодон алынган кадр), 26-август, 2021-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбылдагы аскердик бөлүктүн кампасындагы жарылуудан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазган коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

26-августта Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө болгон жарылууда 15 кишинин өмүрү кыйылды. Коргоо министрлиги адегенде өрт чыгып, анан курал-жарак сакталган кампада алты жарылуу болгонун бышыктады.

Аскер бөлүккө жакын жашаган 1200дөй тургун эвакуацияланган. 100дөй киши ар кандай жараат алган.

Президент Токаев "Твиттер" баракчасында жараат алгандардын арасында кеминде 30 аскер жана ыкчам аракеттенүү тобунун кызматкерлери бардыгын жазды. Өрт эмнеден чыкканын жана жарылуунун себебин иликтөө иштери башталганын да маалымдаган.

Коргоо министрлиги кампада инженердик снаряддар сакталганын, тротил узакка күйгөндүктөн, жалын жайылып кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик бөлүктө Арыстан ташылган курал-жарак сакталып турчу. Төрт жыл мурун Арыста дал ушундай кырсык болуп, төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG