Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Казакстан: Арыс окуясы боюнча 16 кишинин соту башталды


Арыстагы жарылуу байланыштуу башталган сот жараянына катышууга келген жарандар. Чымкент. 11-июнь, 2020-жыл.
Арыстагы жарылуу байланыштуу башталган сот жараянына катышууга келген жарандар. Чымкент. 11-июнь, 2020-жыл.

Казакстандын Арыс шаарындагы аскердик кампада болгон жарылуу боюнча сот башталды. 2019-жылдын июнь айында болгон окуя боюнча 16 кишиге кылмыш иши ачылган. Арасында Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлдөрү, Арыстагы аскердик бөлүктүн кызматкерлери бар. Аларга “Шалаакылык” жана “Айланадагыларга коркунуч жараткан курал-жарак жана башка буюмдар менен колдонуу эрежелерин бузуу” беренелери боюнча айып тагылган.

Ок-дары сакталган кампада чыккан өрттөн төрт киши курман болуп, бир жарым миңдей киши жабыркаган.

Чымкент аскердик сотунда башталган жараянга журналисттер киргизилген жок.

Жарылуудан кийин бийлик ок-дары сактаган кампаны шаардан башка аймакка көчүрүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG