Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ аскерлери Ооганстандан кетти


Кабул эл аралык аэропортун кайтаруу "Талибандын" күчтөрүнө өттү. 31-август, 2021-жыл.
Кабул эл аралык аэропортун кайтаруу "Талибандын" күчтөрүнө өттү. 31-август, 2021-жыл.

АКШ Ооганстандагы эвакуациясын жыйынтыктап, аскерин чыгарууну аяктады.

Кабул аэропорту толугу менен “Талибандын” колуна өттү. Талибдер коопсуздукту камсыздап, анда буга чейинки туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүүгө убада беришүүдө.

Ошол эле кезде Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер өрөөнүндө талибдер менен каршылык көрсөтүү кыймылынын кагылышуусу тууралуу кабарлар чыкты.

АКШ аскердик миссияны өз мөөнөтүндө аяктады

Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы аскердик миссиясын жыйынтыктап, аскер аба күчтөрүнүн эң акыркы учагы Кабулдан чыгып кетти. АКШ Кабулдан жалпысынан 123 миңден ашуун чет элдикти жана өмүрүнө коркунуч туулган оогандыктар эвакуацияланганын жарыялады.

Кабулду талибдер ээлеп алган өткөн эки жума ичинде эле 79 миң киши чыгарылды.

АКШ "Ал-Каиданын" Ооганстандагы тамырын кыркуу үчүн 2001-жылы 11-сентябрдан кийин башталган 20 жылдык аскердик операцияга чекит коюп, Кошмо Штаттар менен союздаштардын аскерлери бул өлкөдөн толук чыгып кетти.

Аскердик жана жарандык эвакуациялоо жүргөн Кабул эл аралык аэропорту эми “Талибандын” колуна өттү.

АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы, генерал Фрэнк Маккензи Ооганстандагы аскердик миссиянын оңойго турбаганын белгиледи.

Фрэнк Маккензи. АКШнын Борбордук аскер командачылыгынын кол башчысы.
Фрэнк Маккензи. АКШнын Борбордук аскер командачылыгынын кол башчысы.

“Бүгүнкү аскер күчтөрүнүн чыгышы эвакуациянын аскердик компонентинин аякташын түшүндүрөт. Ооганстандагы 20 жыл мурдагы бул аскердик миссия 2001-жылы 11-сентябрдан кийин башталган. Террорчул «Ал-Каиданы» жок кылуу оңой болгон жок. 2461 америкалык аскер менен жарандык адамды жоготтук. 20 миңден ашуун киши ар кандай жараат алды. Тилекке каршы аскерлерди чыгарып баратканда дагы өткөн жумада жанкечтинин жардыруусунан 13 аскер каза тапты. Бүгүн биз алардын эрдигин эстеп, жаркын элестерине таазим этебиз”, – дейт Маккензи.

Талибдердин убадасы

Кабулдун көчөлөрүндө талибдер майрамдык салют атып, “чет элдик аскерлер чыгып, өлкө толук эгемендикке жетти” деп белгилешти. Аэропортто куралчан талибдер америкалыктардан калган аскердик объектилерди карап жаткан видео тарады. АКШнын аскер кол башчылыгы таштаган аскер техникасы менен жабдуулар жараксыз абалга келтирилип, иштен чыкканын жарыялады.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан талибдер учурда Кабул эл аралык аэропортун башкаруу боюнча Түркия жана Катар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирди. Ал ошол эле кезде аэропортто жүргүнчүлөр үчүн туруктуу аба каттамдарын жандандырып, жүктөрдү кабыл алууну калыбына келтирүү Ооганстандагы гуманитардык абал үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

“Талибан” эми өлкөнүн жана анын башкы аба дарбазасынын коопсуздугуна, аба каттамдарын калыбына келтирүүгө кепилдик берди.

Забиулла Мужахид. "Талибандын" маалымат катчысы. 31-август, 2021-жыл.
Забиулла Мужахид. "Талибандын" маалымат катчысы. 31-август, 2021-жыл.

"Биздин аэропорт жана жалпы эле өлкө боюнча кеңири планыбыз бар. Буюрса, жакшы жаңылыктар болот. Согуш аяктап, коопсуздук калыбына келип, аба майдандын иштеши кайрадан жанданат. Техникалык топ бузулган жерлерди оңдоп, Ооганстандан учактардын кадимки аба каттамдары жанданып, соодагерлер менен жүргүнчүлөрдүн коопсуз учуусу камсыздалат. Кабулдун жана жалпы өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча планыбыз бар. Бизди алдыда жакшы күндөр күтүп турат. Биз жаңы, гүлдөгөн өлкөнү курууга жана адамдардын жашоосун жакшыртууга аракет кылабыз", - деди “Талибандын” өкүлү Забиулла Мужахид.

Бирок ал аэропортту иштете турган адистер менен учкучтар бул өлкөдө калганын же калбаганын тактаган эмес. Ошондой эле Кабул аэропортундагы аба каттамдарын аткарып келген учууга жарактуу жарандык учактардын абалы тууралуу дагы маалымат жок.

АКШ: Аскердик миссия эми дипломатияга өтөт

Ошол эле кезде “Талибандан” качкан оогандыктардын канчасы чыгып кетүүгө үлгүрүп, канчасы өлкөдө калганы азырынча белгисиз. Талибдерден кооптонуп, Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөп, документтерин даярдап, бирок үлгүрбөй калган оогандыктарды алып чыгуу боюнча иштер кырдаалга жараша улантыла турганы жарыяланган.

Кошмо Штаттардын Кабулдагы элчилигинде иштеген дипломаттардын бардыгы өлкөдөн чыгып кетти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аскердик миссия аяктап, эми жаңы дипломатиялык иш-аракеттер баштала турганын билдирди. Анын айтымында, АКШ Кабулдагы элчиликтин ишин Дохадан улантат.

Энтони Блинкен. АКШнын мамлекеттик катчсы.
Энтони Блинкен. АКШнын мамлекеттик катчсы.

“Бүгүнкү күнгө карата биз Кабулдагы дипломатиялык миссияны токтотуп, бардык ишмердигибизди Катардын борбору - Дохага котордук. Биз ал жактан туруп, Ооганстан менен консулдук кызмат көрсөтүү, гуманитардык жардамдарды уюштуруу, союздаштар жана өнөктөштөр менен кызматташуу жана “Талибан” менен кат алмашууларды жүргүзүп, өз ара аракеттенүү багытында дипломатиялык иштерди улантабыз”, – деди Энтони Блинкен.

Жаңы өкмөткө чакыруунун жагдайы

“Талибан” бардык топтордун кызыкчылыгын камтыган өкмөт түзүүнү убада кылган. Бирок азыр талиб ардагерлеринин чечүүчү кызматтарга келип жатканы айтылууда.

Буга чейин ооган өкмөтүндө иштеп келген мунай өнөр-жайы жана тоо кен тармагы боюнча мурдагы министр Наргис Нехан башында өлкөдөн чыгып кетүү планы болбогонун айтып, бирок талибдер Кабулду күтүүсүз каратып алган кымгууттун айынан Ооганстандан кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

Наргис Нехан “Талибандын” жаңы өкмөтүнүн курамында ага окшогон тажрыйбалуу адистерге муктаждык болсо, Ооганстанга кайтып барууга даяр экенин, бирок анын иштешине мүмкүнчүлүк, коопсуздугуна кепилдик керек экенин билдирди.

Наргис Нехан. Ооганстандын мурдагы тоо-кен жана мунай өнөр жай министри.
Наргис Нехан. Ооганстандын мурдагы тоо-кен жана мунай өнөр жай министри.

“Мени аял катары кабыл алышпайт. Ошол эле кезде адис катары жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүүмдү күтүшөт. Мындай болушу мүмкүн эмес. Эгер алар коомдогу бардык топтордун - жаштардын, аялдардын, академиялык чөйрөнүн жана жарандык коомдун колдоосун алгысы келсе, анда ошондой өкүлчүлүктүү өкмөт түзүшү керек. Бизде ошондо гана кайтып барып, талибдер түзгөн өкмөттө иштөөгө мүмкүндүк болмок”, – деди мурдагы оогандык министр айым.

АКШ президенти Жо Байдендин 31-августтун кечинде Ооганстандагы аскердик миссияны бекитилген мөөнөттөн кечиктирбей аяктоого байланыштуу калкка кайрылуусу күтүлүп жатат.

Ошол эле кезде 114 өлкөнүн өкмөтү кол койгон кайрылууда адамдардын эркин каттоо укугун камсыздоо үчүн “Талибан” Кабул аэропортун иштетүү милдетин так аткарышы керектиги көрсөтүлгөн.

Талибдер 15-августта Кабулду курчап, Ооганстанды толук көзөмөлгө алганын жарыялаган. Ал мурдагы эски усулдарды колдонуп, башкача ойлонгондорду жазалабай турганын айтканы менен, ага азырынча ишеним боло элек.

"Талибан" Ооганстандын Кабул эл аралык аэропортун колго алган маалда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Панжшер аймагында жайгашкан каршылык көрсөткөн можахеддер менен талибдердин кагылышы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Эл аралык агенттиктер ишенимдүү булактарга таянып тараткан маалыматтар боюнча кагылыштан кеминде жети киши каза тапкан.

"Талибан" ал жакка жоочуларын жөнөткөнү буга чейин айтылганы менен алар менен Ахмад Масуд сыяктуу бейформал лидерлер ортосунда кандай сүйлөшүүлөр болгону жана эмне менен аяктаганы белгисиз.

Бул өрөөндөн чыккан Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектеген каршылык кыймылы Кабул бийлиги кулагандан кийин, Панжшерге багынбаган өкмөттүк күчтөрдүн бөлүктөрү, талибдерге каршы маанайдагы можахеддер, мурдагы талаа командирлери жана алардын тарапташтары келип кошулганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG