Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Кабулда террордук чабуул коркунучу күч


Кабул эл аралык аэропортундагы АКШ аскери ата-энеси текшерүүдөн өтүп жаткан баланы сооротууда. 30-август, 2021-жыл.
Кабул эл аралык аэропортундагы АКШ аскери ата-энеси текшерүүдөн өтүп жаткан баланы сооротууда. 30-август, 2021-жыл.

Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып бараткан соңку маалда Кабул аэропортунда кол салуу коркунучу күчөдү.

Белгисиз күчтөр тарабынан аэропортту көздөй беш жолу ракеталык аткылоо болуп, АКШнын абадан коргонуу тутуму ракеталарды асмандан атып түшүрдү. Вашингтон 31-августтан кийин дагы эвакуациялоо ишин улантуу ниетин билдирди.

Аэропортко атылган ракета

31-августка чейин АКШ жана анын союздаштары аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө үлгүрүүгө шашылууда. Аскерлерди чыгаруу чет элдик жана ооган жарандарын эвакуациялоо менен коштолду. Бул арада “Ислам мамлекети” террордук тобунун Кабул аэропортун бутага алган чабуулдары күчөдү. Аэропортту көздөй беш жолу атылган ракеталар аба майданга жакын Салим Карван районуна түштү.

АКШнын абадан коргонуу тутуму ракеталарды асмандан атып түшүрдү, ошондуктан жабыркагандар болгон жок.

"Мен үйдө болчумун. Балдарым жана туугандарым болуп отурганбыз. Кокустан, жакын эле жерден бир нече жардыруунун үнү чыккандай болду. Биз короого чуркап чыгып, жерге жата калдык", - деди Кабул аэропортуна жакын жашаган жергиликтүү тургун Жайиддин Хаан.

Ооганстанды “Талибан” кыймылы көзөмөлгө алган эки жумадан бери Кабул аэропорту аркылуу 117 миң киши сыртка чыгарылды. Алардын арасында чет элдиктер менен кошо ооган жарандары дагы бар.

Президент Жо Байден бекиткен мөөнөткө чейин дипломаттарды, америкалык жарандарды жана аскерлерди ылдам чыгарып кетүүгө көбүрөөк көңүл бурулуп жатканы айтылды.

Албанияга чыгып кеткен ооганстандык мурдагы аткаминер Газал Хабибяр дүрбөлөңгө түшүүнүн себептерин мындай түшүндүрдү:

"Азыр болуп жаткан нерселердин алдын алса болот эле. Муну бир кыйла жакшы уюштурууга кантип болбосун? Бизде өткөөл учурдун өзгөчө планы болуш керек эле. Убактылуу өкмөт түзүлсө, андан ары кандай саясат болсо дагы азыркыдай дүрбөлөң болмок эмес. Азыркы дүрбөлөңдүн алдын алса болмок. Эвакуациялоо жараянын мындан жакшыраак уюштуруп, толук көзөмөлдөөгө мүмкүн эле", - деди Газал Хабибяр.

Кабул эл аралык аэропортунан эки чакырымдай алыс жерден ичинде ракета атуу тутуму орнотулган автоунаанын калдыгы табылган. Бирок ракеталар мына ошол машинеден атылганбы же башка жактанбы, азырынча аныктала элек.

Бекитилген мөөнөт

Америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруунун акыркы сааттары опурталдуу болуп, террордук чабуул коюу коркунучу күчөй турганы буга чейин эскертилген.

Бекитилген мөөнөт аяктап баратканда өлкөдөн чыгууга документтери даяр турган миңдеген оогандыктар эвакуациялык рейстерге жетишпей калганы белгиленди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аларды 31-августтан кийин чыгарып кетүүнүн жол-жоболору каралып жатканын айтты.

"Биз демилге көтөрүп, 114 өлкө кол койгон бирдиктүү кайрылууда эл аралык коомчулук "Талибандан" эмнени күтүп жатканы так айтылган. "Талибан" 31-августтан кийин дагы адамдардын өлкөдөн чыгышына мүмкүнчүлүк түзүп бере турган милдеттемесин аткарышы керек. Эл аралык коомчулуктун "Талибандан" күткөн эркин каттоо укугун камсыздоо шарты абдан маанилүү. Бул үчүн биз башкалар менен тыгыз кызматташтыкта иштей турган аэропорт бар экенине ынанышыбыз абзел. Биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз", - деди ал.

29-августта америкалык пилотсуз учак Кабулдагы эл аралык аэропортту көздөй “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларын салып бараткан машинени бутага алып, сокку урган. АКШнын аскер адамдары машине жан кечти террорчуларды салып баратканын ырастап, сокку өз максатына жетти деп санашат.

Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгынын басма сөз катчысы Билл Урбан машинеге сокку урулганда ичинен чачыраган заттар анда жардыруучу материалдар болгонун көрсөткөнүн билдирди. Урбан "ушул тапта жайкын элдин жабыркаганы тууралуу эч кандай далил жок" деп кошумчалады.

Ушул эле күнү аэропорттон алыс эмес райондогу үйдө жарылуу болгону кабарланды, бирок анын америкалык пилотсуз учактын соккусу менен байланышы бар-жогу белгисиз.

Андан мурун аэропортто топтолгон элдин ичинде жанкечти өзүн жардырып, 170 оогандык жана 13 АКШ аскери жабыркаганы белгилүү.

Бул окуя соңку мезгилдеги эң ири террордук кан төгүү актысы болуп калды. Бул теракты “Ислам мамлекети” тобунун Хорасан бөлүмү жасаганын моюнуна алган. “Талибан” менен “Ислам мамлекети” террордук тобу экөө тең суннит агымына киргени менен бири-бирине касташкан душман катары белгилүү.

15-августта "Талибан" Кабулду курчоого алып, бүткүл Ооганстанга көзөмөл орнотконун жарыялаган. Бул учурда өлкөнүн легитимдүү президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, президенттик сарай талибдердин колуна согушсуз өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG