Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Франция, Германия, Британия Кабулда “коопсуздук зонасын” түзүүнү сунуштады


Ооганстандан эвакуациялангандар Косовонун баш калаасы Приштинанын аэропортуна келип түшүп жатышат. 29-август, 2021-жыл.
Ооганстандан эвакуациялангандар Косовонун баш калаасы Приштинанын аэропортуна келип түшүп жатышат. 29-август, 2021-жыл.

Франция, Германия жана Британия ооган баш калаасындагы эл аралык аэропортто гуманитардык операцияларды аткаруу үчүн коопсуздук зонасын түзүүнү сунуштады. Бул оболу Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл. Бул тууралуу француз президенти Эммануэл Макрон билдирди.

Француз лидеринин айтканына караганда, эвакуциялануучулардын тизмесинде талибдер коркунуч келтирген "бир нече оогандык бар жана алардын коопсуздугун коргоо" керек. Макрон мындай зонаны түзүү эл аралык коомчулукка талибдерге "басым жасоону улантып турууга" мүмкүнчүлүк бермек деген оюн айтты.

Дүйшөмбүдө долбоордун резолюциясы Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынына коюлмакчы.

Франциянын президенти Кабулдан элди эвакуациялоо үчүн Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен диалогго баруу зарылдыгын баса белгиледи. Бирок ошол эле маалда бул Кабулдагы жаңы бийликти таануу дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалады.

Талибдер Кабул аэропортунда коопсуз тилке түзүү жөнүндө сунушту четке какты. Кыймылдын өкүлү Сохаил Шахиндин пикиринде, Ооганстан эгемен өлкө жана андай зарылчылык жок.

"Биз Францияда же Британияда ошондой зона түзө алмак белек?" - деди "Талибандын" өкүлү француз каналына берген интервьюсунда.

29-августтан тарта АКШ Кабул аэропортунда жарандарды эвакуациялаган миссияны жыйынтыктоого киришти. Британия, Германия, Франция жана башка АКШнын союздаштары бул миссияны аякташкан. Августтун акыркы күнү америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG