Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Чүйдө бир жумада үч миңден ашуун жол эрежесин бузгандар катталды


24-августтагы жол кырсыгы.
24-августтагы жол кырсыгы.

Акыркы бир жумада Чүй облусунда үч миңден ашуун айдоочу жолдо жүрүүнүн эрежесин бузганы аныкталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

21-августтан 29-августка чейин жолдо жүрүү боюнча 3012 эреже бузулуп, 59 айдоочу мас абалында машине айдап жүрүп кармалган.

945 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып, 34 адам документи жок унаа башкарган.

Август айында өлкөдө катталган жол кырсыктарынан ондогон адамдар каза болду.

2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңден ашык жол кырсыгы катталып, 400дөн ашык киши көз жумду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG