Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Таластагы иш-чарада каскадер жабыркады


"Урааным - Манас" театрлаштырылган иш-чаранын башталышы. Талас. 29-август, 2021-жыл.
"Урааным - Манас" театрлаштырылган иш-чаранын башталышы. Талас. 29-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, Таласта өтүп жаткан иш-чарада каскадер жабыркады.

Ал ат үстүндө от менен оюн көрсөтүп жатып кулап түшкөн учурда ат сүйрөп кеткени кабарланды. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына ылайык, жабыркаган чабандес "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын бети күйүп, акыреги сынганын маалымдашты.

29-августта, Таластагы "Манас ордо" улуттук этно комплексте өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» деп аталган театрлаштырылган салтанат болуп өттү. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. (MK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG