Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Орусия: Июлда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты


Орусия. Коронавирус боюнча тест алуу учуру.
Орусия. Коронавирус боюнча тест алуу учуру.

Орусияда быйыл июль айында коронавирус жуктуруп алып, көз жумгандардын саны 50 миңден ашты.

Өлкөнүн статистикалык комитети билдиргендей, бул январь айынан бери алганда эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Жыл башында COVID-19дан 37 миңден ашуун киши дүйнө салган.

Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова мунун себебин коронавирустун жаңы "дельта" штаммынын жайылып жатканы менен түшүндүрдү.

Июнь айынан бери Орусиянын көпчүлүк аймагында жарандардын белгилүү бир тобуна милдеттүү эмдөөдөн өтүү киргизилген. Элди эмдөө былтыр декабрь айында башталганы менен өтө жай жүрүүдө. Соңку маалыматка караганда, өлкөдө калктын төрттөн бир бөлүгү гана вакцина алган. Жарандардын 30% вакцинаны 1-дозасын сайдырды.

Пандемия башталганы Орусияда расмий маалыматка ылайык, алты жарым миллиондон ашуун киши коронавируска чалдыккан. 180 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG