Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Көкбөрү: финалда ойной турган командалар аныкталды


Көкбөрү мелдешинен бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Көкбөрү мелдешинен бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдештин финалисттери аныкталды.

Көкбөрү федерациясынын маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 28-августта биринчи, жогорку жана эл аралык лигада жарым финалдык оюндар болуп өттү. Анын жыйынтыгында биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командалары, жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы, эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы финалда ойнойт.

Баш байге үчүн оюндар 31-август күнү өтөт. Беттештин убактысы азырынча аныктала элек.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана "КТРК-Спорт" телеканалынан түз чагылдырылат.

30-августта 3-4-орун үчүн беттештер болот. Саат 10:00дө биринчи лигада ойногон Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары, саат 11:30да жогорку лигада Ош облусунун “Достук” командасы менен Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары ойнойт.

Президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты.

Жарым финалдык беттештердин жыйынтыгы:
Биринчи лига:
“Соң-Көл” (Нарын облусу) - “Мурас” (Ысык-Көл облусу) 2:8
“Ат-Башы” (Нарын облусу)-“Көк-Жал” (Бишкек) 3:7
Эл аралык лига:
“Жети-Өгүз” (Ысык-Көл облусу) – “Бакубат-Талас” (Талас облусу) 6:1
Жогорку лига:
“Достук” (Ош облусу) – “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) 1:4 (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG