Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Үч милиция кызматкери кесиптешинин ок атканын жашырган деген шек менен кармалды


ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

27-августта милиция кызматкери айдоочуну аткан окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын (ШККБ) рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалды. Үчөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Мекеменин басма сөз кызматы булар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлады.

27-августтун кечинде Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкери аткан октон жаракат алган адам ооруканага жетпей жан берген. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы алгач тараткан маалыматта эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткени айтылат. Көп өтпөй социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тараган. Анда айдоочу менен чогуу үч-төрт милиционер сүйлөшүп турганы, ок чыккан учурда алар ошол жерде болгону тартылган.

Ок чыгарган милиционер 28-августта кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Ага карата Жазык кодексинин 321-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти УКМК тергеп жатат.

ИИМдин ички коопсуздук кызматы окуяны иликтей турганын жарыялады. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG