Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Орусияда июль айында 50 миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду


Москванын четиндеги бейтапканалардын биринен алынган сүрөт. Орусия. Июль, 2021-жыл.
Москванын четиндеги бейтапканалардын биринен алынган сүрөт. Орусия. Июль, 2021-жыл.

Орусиянын статистика комитети маалымдагандай, бул январь айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Жыл башында коронавирус инфекциясынан 37 миң адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Орус өкмөтүнүн вице-премьери Татьяна Голикова мурдараак ооруга вирустун "Дельта" штаммы себеп болгонун айткан.

Июнь айынан тартып Орусиянын басымдуу аймагында коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөө киргизилген.

Былтыр декабрда башталган эмдөө жай жүрүп жатканы айтылып келет. Акыркы маалыматтар боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын жарандардын 30%, ал эми эки дозасын 25% алды.

Ооруга жалпысынан 6,5 млн. ашуун адам чалдыгып, 180 миң киши илдеттен көз жумган.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө коронавируска 215 млн. ашуун адам чалдыгып, 4,4 млн. ашуун киши оорудан кайтыш болгон.

Орус бийлиги коронавируска каршы вакцинанын төрт түрүн иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG