Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Президент Жапаров Баткенде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты


Президент Жапаров Чет-Булак конушуна курулуп жаткан үйлөрдү көрүп, эл менен жолукту. Баткен шаары. 28-август, 2021-жыл.
Президент Жапаров Чет-Булак конушуна курулуп жаткан үйлөрдү көрүп, эл менен жолукту. Баткен шаары. 28-август, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Баткен шаарында 36 турак жайдын курулушу менен таанышты. Мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда набыт болгон 36 адамдын жакындары үчүн курулуп жаткан үйлөр эки жума ичинде толугу менен бүткөрүлүп, ээсине берилерин билдирди.

Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, президент маркумдардын жакындарына көңүл айтып, чек ара маселесин чечүүгө Кыргызстан тарап даяр экенин, аракеттенип жатканын билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын жакындары үчүн Баткендин Чет-Булак конушуна 36 жаңы турак жай курулууда. Баткен шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, ар бир үй бардык шарттары менен төрт бөлмөдөн турат, короосу 6 сотых. Аймакта бала бакча жана сейил бак да болору кабарланган.

Үйлөрдү "Каганат инвест" компаниясы куруп жатат.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен кечээ, 27-августта барган. Мамлекет башчы Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө берилген жаңы үйлөр менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолуккан. Мамлекет башчысы өкмөт мындан ары да аймакка жардамын улантарын, таза суу, жол, бейтапкана, бала бакча маселелерин чечүү үчүн бардык аракет жасаларын айткан.

Максат айылында курулган жаңы үйлөр. Лейлек району. 27-август, 2021-жыл.
Максат айылында курулган жаңы үйлөр. Лейлек району. 27-август, 2021-жыл.


Быйыл 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек ара жаңжалында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Алардын 100ү ооруканада жатат.

Тажикстан 19 жараны өлүп, 87 адам жабыркаганын билдирген. 2-июлда Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй жаңыдан курулуп бүтүп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги куруп берген ар бир жаңы үйгө кеминде 130 миң сомони же (11 миңден ашык АКШ доллары) сарпталганы айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG