Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:03

COVID-19: 215 адамдан катталып, 6 киши көз жумду


Коомдук транспорттогу эскертме. Бишкек. 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 28-августта илдетти 215 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды.

  • Бишкек - 66;
  • Ош шаары - 2;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 14;
  • Нарын облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу - 13.


Ушуну менен былтыр март айынан бери өлкөдө коронавируска жалпы - 175 224 адам чалдыкса, анын ичинен 168 769 киши сакайды.

Акыркы суткада илдеттен 6 адам көз жумду. Оорудан каза тапкандардын жалпы саны 2513 адамга жетти.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу кыска аралыкта бүт дүйнөгө тарап, миллиондогон адамдарга жукту. Дуйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 28-августка карай маалымдашынча, жалпы дүйнөдө ооруга чалдыккандардын саны 216 млн. 204 миң 287 адамга жетти. Мунун ичинен 40 530 учур акыркы суткада катталды.

Жалпы 193 млн. 188 миң 637 адам сакайган. 4 млн. 498 миң адам илдеттен көз жумду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG