Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

"Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рашод Камолов эркиндикке чыгарылды


Рашод Камолов. (архив)
Рашод Камолов. (архив)

Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы, экстремисттик материалдарды тараткан жана диний кастыкты козуткан деген айып менен 10 жылга соттолгон Рашод Камолов эркиндикке чыкты. Ал мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө бошотулганын Камоловдун адвокаты Хусанбай Салиев "Азаттыкка" билдирди.

"Толук эркиндикке чыгышына дагы жети ай калган. Бишкек шаар сотунун 27-августтагы чечими менен эркиндикке чыкты. Калган мөөнөтүн үйүндө өтөйт".

"Ас-Сарахси" мечитинин имамы, 43 жаштагы Рашод Камолов 2015-жылы, 9-февралда кармалган. Ал Кылмыш кодексинин 314-беренеси ("Экстремисттик уюмду түзүү") жана 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо") менен айыпталып, Ош облустук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Рашод Камолов жана анын маркум атасы диний аалым Мухаммадрафик Камоловдун аты 2020-жылы Өзбекстанда таратып-жайылтууга тыюу салынган диний китептердин, материалдардын, сайттардын жана экстремисттик-террорчу деп тапкан уюмдардын тизмесине киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG