Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Мурдагы баш прокурор Салянова Казакстанда жүрөгүнөн операция болду


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Аида Салянова Казакстандагы клиникалардын биринде жүрөгүнүн клапандарын алмаштырды. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" билдирип, учурда абалы жакшы экенин маалымдашты.

Жакындарынын айтуусунда 49 жаштагы Аида Салянова жүрөгү ооруп, операция зарылдыгы болсо да сот чечимине ылайык чет өлкөгө чыга албай жүргөн.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып менен соттолгон. Быйыл март айында Жогорку сот жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарган.

Аида Салянова 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы баш прокурор болуп иштеген. 2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Үч баланын энеси. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG