Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Казакстан Аза күтүү күнүн жарыялады


Курал-жарак кампасындагы жарылуунун эпкини жакын жайгашкан май куюучу бекетти талкалап кеткен. Жамбыл облусу, Казакстан. 27-август, 2021-жыл.
Курал-жарак кампасындагы жарылуунун эпкини жакын жайгашкан май куюучу бекетти талкалап кеткен. Жамбыл облусу, Казакстан. 27-август, 2021-жыл.

26-августта кечке жуук Жамбылдын Байзак районундагы курал-жарак кампасы жарылып, кеминде 13 адам каза таап, 98 киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, маркумдардын үчөөнүн тек-жайы аныктала элек. Дагы үч адам дайынсыз.

Жардыруудан куткаруучулар, аскер кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлери жабыркаган. Коргоо министрлиги жабыркагандардын арасында жай тургундар жок деп билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG