Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Дашковдун ооруканага которулушунан улам УКМКнын кызматкерлери иштен четтетилди


Василий Дашков.
Василий Дашков.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган Василий Дашковдун Бишкектеги "Бикард" менчик бейтапканасына жаткырылганына байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Натыйжада Дашковдун коргоо тартибинин бузулушуна жол берген деген негиз менен УКМКнын тергөө абагынын башчысы М. М., анын орун басары Т. У. жана тергөөдө жаткан адамдарды кармоо, аларды коргоо жана коштоо тартибине жооптуу кызматкерлер иштен четтетилди. Ал эми "Бикард" менчик бейтапканасында дарыланып жаткан Василий Дашков атайын кызматтын тергөө абагына кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковду УКМК 18-майда кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат 8-июнда кайра тергөө абагына киргизген.

Май айынын аягында Василий Дашков ден соолугу начарлап кетти деген себеп менен Бишкектеги "Бикард" менчик бейтапканасына жаткырылган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган.

УКМК "Кыргыз темир жолундагы" жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орунбасары болгон. Жарандык коомдун өкүлдөрү аны коррупциялык иштерге айыптап чыккандан кийин, 2021-жылдын мартында кызматтан алынган.

"Бикард" менчик бейтапканасы жүрөк жана башка ооруларды дарылайт. Ага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камалгандан кийин жатып чыгышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG