Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Бишкекте "Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү ачылды


"Ынтымак -2" паркы. Бишкек. 28-август, 2021-жыл.
"Ынтымак -2" паркы. Бишкек. 28-август, 2021-жыл.

"Ынтымак" паркынын экинчи бөлүгү 28-августта ачылды. Парктын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев жана башка аткаминерлер, шаар тургундары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жаш сүрөтчү менен.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жаш сүрөтчү менен.

Парктын ачылышын улай анда "Мекеним -Кыргызстан" деген аталышта жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, спорттук мелдештер болду.

"Ынтымак" паркынын 2-бөлүгү 1-бөлүгүнө жанаша, Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан. Паркка эки тараптан тең кирип-чыгууга болот. Эки жакта тең майыптыгы бар адамдар үчүн атайын пандустар орнотулуп, шарт түзүлгөн.

"Ынтымак-2" паркынын кечки көрүнүшү. Бишкек. 28-август, 2021-жыл.
"Ынтымак-2" паркынын кечки көрүнүшү. Бишкек. 28-август, 2021-жыл.

Парктын ортосуна боз үй формасындагы 800 орундуу жайкы амфитеатр жайгашкан. Улуттук "Ордо" оюну үчүн атайын аянтча орнотулган. Булардан тышкары медпункт, эне жана балага арналган бөлмө бар.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, гүлбактагы кооздуктун негизги идеясы - бай руханий мурастарды чагылдырып турган улуттук мотивдер. Ушундан улам парк кыргыз петроглифтеринин негизиндеги сүрөттөр менен кооздолгон.

"Ынтымак-2" паркынын аянты 8 гектар.

Анын 1-бөлүгү 2019-жылы 30-августта мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылган. 10 гектар жерге жайгашкан парктын курулушуна Бишкек шаардык бюджетинен 82 млн сом жумшалган.

Жаңы ачылган паркка сарпталган каражат тууралуу азырынча маалымат жок. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG