Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

БУУ: Ооганстандагы качкындар жарым миллионго жетиши мүмкүн


Пакистан менен чек арадагы ооганстандык качкындар. Август, 2021-жыл.
Пакистан менен чек арадагы ооганстандык качкындар. Август, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги жыл аягына чейин Ооганстандагы зомбулуктан качып чыккандардын саны 500 миңге чукулдайт деп болжолдоодо. Ага ылайык, учурда чет өлкөлөрдө, анын ичинде Пакистанда жана Иранда "качкын" катары катталган 2,2 миллион оогандын катарын жыл соңуна чейин дагы жарым миллион адам толукташы ыктымал.

БУУнун Качкындар комиссариаты 27-августта билдиргендей, "Талибан" (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) кыймылы бийликти басып алгандан кийин, Ооганстандагы кырдаал күчөшү мүмкүн. Жыл башынан бери өлкөнүн ичинде согуштан качып жер которгон элдин саны 558 миң адамды түздү. Көпчүлүгү аялдар жана балдар.

Башкы комиссардын орун басары Келли Клементс 27-августта Женевадагы брифингде билдиргендей, күн сайын бир нече миң оогандыктар Иранга качып өтүүдө. Ал Ооганстанда кырдаал күтүлбөгөндөй ылдамдык менен өзгөрүп жатканын кошумчалады.

15-августта “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликти басып алган. Ошондон тарта Кабул аэропорту аркылуу АКШ жана анын союздаштары 100 миңдей кишини алып чыгып кетти. Анын ичинде өмүрү коркунучка кептелген он миңдеген оогандар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG