Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди 


5-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык акциясы. Бишкек, 2020-жыл. 
5-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылык акциясы. Бишкек, 2020-жыл. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды.

11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, 5-майда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо 27-августта кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, парламент депутаттары аралаш шайлоо системасы менен шайланышат. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система - саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан - мажоритардык система менен.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 2020-жылы 4-октябрда болгон. Шайлоо бийликчил партиялардын пайдасына акыйкатсыз өткөнүнө нааразы болгон эл көтөрүлүп, натыйжада Кыргызстанда бийлик алмашкан. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берип, анын ордуна абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына отурган.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, 2021-жылы 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болгон. 5-майда президент жаңы Конституцияга кол коюп, кабыл алган.

Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун парламент 28-июлда колдогон. Президент 27-августта кол койгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG