Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Жапония Курил аралынан сүзүп барган орус жаранына баш калка бербейт


Жапониянын полициясы.
Жапониянын полициясы.

Жапон бийлиги орусиялык жаран кармалганын Москвага расмий билдирди. Өткөн аптада орус атуулу баш калка суроо үчүн Курил аралынан Хоккайдого чейин сүзүп өткөн.

Бул тууралуу Саппоро шаарындагы Орусиянын башкы консулдугу билдиргенин орус маалымат агенттиктери кабарлады.

Жапон бийлиги орусиялыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыптап, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Орусиялык жаран Кунаширден Хоккайдого чейин 25 чакырым сүзүп өткөнү маалым болду.

"Hokkaido" гезити жапон бийлиги орусиялык жаранга өз аймагында убактылуу жүрүү үчүн саясий баш калка берүүдөн баш тартканын жазып чыкты. Анткени Жапония талаштуу Курил аралдарын өзүнүн аймагы деп тааныйт жана орусиялыкка баш калка берүү жапон бийлигинин расмий позициясына туура келмек эмес.

"Газета.ru" басылмасы 2-сентябрда орус жараны Сахалинге экстрадиция болорун кабарлады. Жапондор аны Орусиянын консулдугуна кийинки аптада өткөрүп бермекчи.

21-августта Уралдын тургуну Жапониянын аймагына сүзүп жеткени кабарланган. Ал үч жыл мурун Кунашир аралына көчүп келген.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итуруп, Шикотан, Кунашир жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган.

1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Андыктан талаштуу аралдардын макамы да аныкталган эмес. Орусия аралды өзүнө тиешелүү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.

XS
SM
MD
LG