Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

АКШ, Британия жана башка өлкөлөр Кабулдан күчтөрдү чыгарууну улантууда


Ооганстандан кетүүгө үмүттөнгөн аялдар аэропорттун кире бериш дарбазасынын алдында. Кабул. 28-август, 2021-жыл.
Ооганстандан кетүүгө үмүттөнгөн аялдар аэропорттун кире бериш дарбазасынын алдында. Кабул. 28-август, 2021-жыл.

АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандагы аскерлери 4 миңге чейин азайганын билдирди. Жалпысынан акыркы жумаларда АКШ жана анын өнөктөштөрү 117 миңден ашуун адамды, алардын ичинде ооганстандык качкындарды да алып чыгып кетишти. Талибдердин шарты боюнча чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан 31-августка чейин чыгып кетүүгө тийиш.

Британия 28-августта акыркы аскерин алып чыгып кеткенин Кабулдагы британ элчилиги маалымдады. Элчи Лори Бристоунун маалыматына караганда, акыркы эки жумада британ аскерлери Ооганстандан 15 миң чамалуу адамды алып кетти.
Британ премьер-министри Борис Жонсон 29-августта Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөштү. Sky News басылмасы Жонсон талибдердин бийлигин расмий таануу өлкөдөн жарандар эркин чыгып кетүүсүнө кепил болууга тийиштигин айтканын жазды.

Мурдараак АКШ "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) экстремисттик тобуна абадан сокку урулуп, Кабул аэропортундагы жардыруунун уюштуруучусу өлтүрүлгөнүн маалымдаган. Ага чейин АКШ бийлиги аэропортто кайрадан жардыруу болушу ыктымалдыгын эскертип, жарандарын ал жактан кетүүгө чакырган. Ошол эле учурда Вашингтон аэропорттун аймагы көзөмөлдө экенин билдирип жатат.

Ооганстандан эл аралык күчтөр 31-августта толук чыгып кетиши керек.

Ага чейин Кабул аэропортунда турган чет элдик жарандарды, дипломаттарды, айрым ооган жарандарын жана аскерлерди чыгарып кетүүгө үлгүрүү үчүн бекитилген мөөнөттү жылдыруу демилгеси көтөрүлгөн. "Талибан" буга каршы экенин жарыялады.

Бирок Пентагон Кабул аэропортунда турган аскерлердин коопсуздугуна кепилдик жок деген негизде бекитилген мөөнөттү узартпоону сунуштады. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG