Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Миңдей оогандык качкын Кулябдын аэропортунда турганы кабарланды


Куляб аэропортуна чукул жердеги убактылуу качкындар лагери.
Куляб аэропортуна чукул жердеги убактылуу качкындар лагери.

Ооганстандан качкан миңдей киши Тажикстандын Куляб шаарындагы аэропорттун жанындагы чатыр лагерде үчүнчү өлкөгө өтүп кетүүнү күтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы шаардык администрациядагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, соңку эки аптада Кабулдан Куляб шаарына эки миңдей киши учак менен эвакуацияланган. Алардын көбү башка өлкөлөргө чыгарылган.

Тажик бийлиги Кулябдын аэропортун Кабулдан эвакуация болгондорду башка өлкөлөргө чыгарып кетүү үчүн пайдаланууга макул болгон. «Ушул тапта Кулябдын аэропортуна жакын жерде 820 качкын турат. Жакын арада алар үчүнчү өлкөгө жиберилет. Кулябга өтө көп качкын келди, бирок алар эки аптадан ашык турган жок. Алардын көбү аялдар менен балдар» - деди шаардык администрациянын өкүлү «Азаттыктын» тажик кызматына.

Башка дагы бир булак журналисттерге эвакуациялангандарды эл аралык уюмдар чатыр, тамак-аш, суу жана медициналык каражаттар менен камсыздап жатканын айткан.

Тажик бийлиги билдиргендей, июль айында Ооганстандын түндүгүндөгү талибдер менен кармашта коңшу өлкөгө 1574 качкын кирген. Алар кайра Кабулга, Мазари Шарифке чартердик каттамдар менен жеткирилген.

Кабул шаарын «Талибан» кыймылы басып алгандан кийин Батыш өлкөлөрү Ооганстанда жүргөн жарандарын жана алар менен кызматташкан жергиликтүүлөрдү чыгара баштаган. Соңку эки аптада жалпысынан АКШ баштаган өлкөлөр ооган жергесиенен 117 миңдей кишини чыгарып кетти. Талибдердин талабына ылайык, Ооганстандан чет элдик аскер күчтөрү 31-августта чейин чыгып болушу керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG