Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

АКШ Ооганстанда эвакуацияны аяктап, аскерлерин толук чыгарып кетет


Коопсуздугунан коркуп, мекенин таштап кетип бараткан оогандыктар Кабул аэропортунда. 28-август, 2021-жыл.
Коопсуздугунан коркуп, мекенин таштап кетип бараткан оогандыктар Кабул аэропортунда. 28-август, 2021-жыл.

29-августта Кошмо Штаттар миңдеген оогандыкты жана чет элдик жаранды эвакуациялаган миссияны жыйынтыктоого киришти. Анын алдында АКШ президенти Жо Байден соңку маалда Кабул аэропортуна террордук чабуу жасоо ыктымалдыгы “жогору экенин” эскерткен.

31-августта америкалык аскер күчтөрү ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясын жыйынтыктайт. Пентагон учурда Кабул аэропортунда 4000ден аз аскер калганын билдирди. Ооганстандан элди эвакуациялоого 5800 америкалык жоокер тартылган. АКШнын көпчүлүк союздаштары өз миссиясын аяктаса дагы Кошмо Штаттар акыркы сааттарга чейин операцияны улантат.

Батыш өлкөлөрүнүн биринин коопсуздук кызматынын өкүлү “Рейтерс” агенттигине билдиргендей, Кабул аэропортунда 1000ден ашуун гана киши сыртка чыгып кетүүнү күтүп турат.

“Кооптуу кырдаалга кабылган бардык чет элдик жарандардын бүгүн эвакуацияланышын камсыз кылсак деп турабыз. Ал жараян бүтөрү менен аскер күчтөрү чыгып кетет”, - деди аты-жөнүн айтууну туура көрбөгөн аткаминер.

Бир күн мурда америкалык аскер кызматкери Кабулду талибдер басып алгандан кийин эки аптанын ичинде 117 миң киши, көпчүлүгү оогандык карапайым жарандар коопсуз жерлерге чыгарылганын айткан.

"Талибан" Ооганстандын баш калаасы Кабулду 15-августта ээлеп алгандан бери он миңдеген жарандар үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG