Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Чек арасыз кабарчылар": маалымат мыйзамы сөз эркиндигине каршы келет


Маалымат мыйзамына каршы өткөн акциялардын бири. 2020-жылдын 29-июну
Маалымат мыйзамына каршы өткөн акциялардын бири. 2020-жылдын 29-июну

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон "“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды сынга алды. Уюмдун 27-августтагы билдирүүсүндө "Кыргызстандын президенти интернеттеги фейк маалыматтарга каршы күрөш деген негиз менен кол койгон мыйзам цензурага жол ачып берди" деп жазылган.

Билдирүүдө бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирери да белгиленген.

"Мыйзамга ылайык, интернетке жарыяланган маалыматтар кайсы бир жарандын кайрылуусу боюнча соттук териштирүүлөрсүз эле жок кылынат. Эгер сайт же баракча аны 24 саат ичинде алып салбаса, сайт блоктолот",- деп жазылган.

Июнь айында парламент четке каккан долбоор регламент талап кылгандай жарым жылдан кийин эмес, эки айга жетпей, кайра депутаттардын кароосуна коюлганын белгилешкен

"Бул мыйзамдын парламенттик шайлоонун алдында шашылыш кабыл алынышы - ал айрым оппозициялык, ачык айткан маалымат каражаттарына каршы колдонулуп калышы ыктымал деп боолголоого болот. Бул Кыргызстандын Баш мыйзамын гана эмес, эл аралык нормаларды бузат. Мамлекеттик органдар негизи сот чечимисиз сөз эркиндигин чектей алышпайт. Адатта жалаа боюнча доогерлер мамлекеттик кызматкерлер болорун эске алсак, бул мыйзам бийликти сындагандарга каршы цензуранын куралы болушу толук ыктымал. Биз мыйзамды токтоосуз артка чакырууга үндөйбүз", -деди уюмдун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2021-жылкы рейтингинде Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеген.

Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга 23-августта кол койду. Жогорку Кеңеш аны 28-июлда кабыл алган.

Документтин авторлору жана бийлик мындай мыйзам керек экенин айтып, "фейктерге" каршы күрөш зарыл деген жүйө келтиришет. Ага ылайык, өкмөткө "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүрдү деп табылган учурда бул мыйзам колдонулмакчы. ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG