Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийди


Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийип, өрттөнүп жатат. 29-август, 2021-жыл.
Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийип, өрттөнүп жатат. 29-август, 2021-жыл.

29-августта Кабулдун эл аралык аэропортуна чукул жердеги калк жашаган райондогу үйгө ракета тийди. Ага чейин эле АКШнын расмий адамдары теракт коркунучу бардыгын эскерткен.

Associated Press агенттиги соккудан бир бала көз жумганын кабарлады. Кабул полициясынын башчысы Рашид түштөн кийин шаардын Хувжа Бугра районуна да ракета тийгенин билдирди. Азырынча чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги "Би-Би-Си" маалымат кызматына үйгө ракета тийгенин ырастады. Социалдык медиада тараган видеодо имараттан кара түтүн көтөрүлүп жатканын, бир нече киши үйдүн чатырында жалынга суу чачып жатканын көрүүгө болот.

Ушул тапта америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетип жатат. Миңдей киши аэропортто эвакуацияны күтүп жатканын «Рейтерс» агенттигине чет элдик коопсуздук кызматынын өкүлү билдирген.

28-августта АКШ президенти Жо Байден Ооганстандын айрым жерлеринде “кырдаал өтө опурталдуу” болуп турганын, Кабул аэропортуна террордук чабуул жасоо “ыктымалдыгы жогору” экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG