Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Орусия: Математик Мифтахов түрмөдө укугу бузулуп жатканына даттанды


Москва мамлекеттик университетинин аспиранты Азат Мифтахов сот залында.
Москва мамлекеттик университетинин аспиранты Азат Мифтахов сот залында.

Алты жылга абакка кесилген татарстандык таанымал, жаш математик Азат Мифтахов темир тор артында дагы калышы мүмкүн. Ал аялы Елена Горбанга жазган катында шарты катаал Киров облусундагы №17 колониянын администрациясы ар кандай себептер менен аны абактан чыгарбоонун айласын көрүп жатканын айткан.

Математик алты айдан кийин мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгууга укуктуу экенин жазган.

28 жаштагы Мифтаховду Москванын соту 2018-жылы бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын желегин өрттөгөнгө тиешеси бар деп таап, алты жылга кескен.

Айыпкер өзүнө коюлган күнөөнүн баарын четке кагып, саясий туткундардын таламын талашканы үчүн бийликтин каарына калганын айткан.

2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр «Бирдиктүү Орусия» партиясынын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шам ыргыткан. Партиянын кеңсесине өрт коюу боюнча кылмыш иши алгач шектүү адамдар аныкталбагандыктан токтотулган. Иш 2019-жылы кайра жанданып, Мифтахов кармалган. Анын адвокаты Светлана Сидоркинанын журналисттерге айтканына караганда, Мифтаховду тергөөнүн жашыруун күбөсү «анын кашынан» улам тааныган.

Жаш математик абакта кыйноого кабылганын айтып даттанган, кан тамырын кыйып салууга аракеттенген. Окумуштуулар жана укук коргоочулар аспирантты бошотууну талап кылып бир нече жолу акция өткөрүп, орус бийлигине кайрылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG