Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

COVID-19: АКШ "коопсуз" деген тизмеден чыгарылды


АКШ, 10-август 2021-жыл.
АКШ, 10-август 2021-жыл.

Европа Биримдиги мүчө мамлекеттерге коронавируска чалдыккандардын саны өскөнүнө байланыштуу АКШны жана бир нече өлкөлөрдү “коопсуз” деген тизмеден алуу кеңешин берди. 30-августта Жонс Хопкинс университети глобалдык алкакта COVID-19 илдетинен 4 жарым миллиондон ашуун киши көз жумганын билдирди.

30-августта жарык көргөн документте 27 өлкөнү камтыган блок өз жарандарына дагы бир нече өлкөгө пандемия маалында каттабай турууну сунуш кылды. Алардын арасында Израил, Косово, Ливан, Монтенегро жана Түндүк Македония бар. Биримдиктин жетекчилиги чыгарган чечимди аткарып же аткарбоону, сөз болгон мамлекеттердин жарандарын кандай шартта киргизүүнү өкмөттөр өздөрү чечишмекчи. Жалпысынан шаркеттин мүчөлөрү сунуштарга кулак салганы менен айрым өлкөлөр толук вакцинация же коронавирустан айыкканын тастыктаган документти талап кылуу өңдүү эрежелерди өз алдынча киргизет.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Кооптуу” деген өлкөлөрдүн жарандары адатта эң зарыл иш болсо гана биримдиктин аймагына кире алат.

Шаркет мүчөлөрүнүн көбү июнда COVID-19 илдетинин жайылышы басаңдап, эмдөө вирустун тарашын алдын алууга жардам берет деген үмүт менен туристтер келсин деп, америкалыктар үчүн чек араларын ачышкан. Бирок жайдын башынан бери Кошмо Штаттарда 12 жаштан улуу жарандардын 61 проценти эмделгени менен вирустун өтө жугуштуу “дельта” вариантына кабылгандар көбөйүп жатат.

Экинчи жагынан АКШ европалыктар үчүн жабык кала берүүдө. Шаркеттин расмий өкүлдөрү Жо Байден администрациясына нечен жолу кайрылып, өз жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин жумшартууну өтүнүп келишти.

Ушу тапта АКШда коронавируска байланыштуу ооруканаларга жаткырылгандардын саны күнүнө 100 миң бейтаптан ашууда. Мындай абал кышында, пандемия туу чокусуна жетип турган кезде катталган. Өлүмдөрдүн саны да өсүп, күн сайын COVID-19дан орточо эсеп менен 1 миң 300 киши дүйнө менен кош айтышууда.

30-августта АКШнын Жонс Хопкинс университети глобалдык алкакта коронавирустан 4 жарым миллиондон ашуун киши көз жумганын билдирди. Инфекцияны 216 миллиондон көп киши жуктуруп алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму ошол эле күнү Европада эмдөө жараяны дымып калганына жана жакыр өлкөлөрдө вакцина алгандар аз болуп жатканына кабатырланып, 1-декабрга карай коронавирустан континентте дагы 236 миң киши кайтыш болушу мүмкүн деп эскертти. Пандемия башталгандан бери илдет Европада 1 миллион 300 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти. Уюмдун регионалдык директору Ханс Клюгенин айтымында, өткөн аптада эле өлүмдөрдүн саны 11 процентке өстү.

Европанын анча өнүкпөгөн өлкөлөрүндө калктын 6% гана вакцинаны толук алды.

Тел-Авив. Июль 2021-жыл
Тел-Авив. Июль 2021-жыл

Ал эми калкынын көбүн биринчилерден болуп эмдеген Израилде өткөн жекшембиден тарта вакцинанын 3-дозасын бардык адмдарга саюу жараяны башталды. Буга чейин 30 жаштан ашкан кишилерге эле андай артыкчылык берилген. Израилде июлдун этегинен бери вирусту жугузуп алгандар да, оорудан өлгөндөрдүн саны да өсө баштаган.

Кошуна Казакстан коронавирустун жаңы толкунун башынан кечирип жатат. Бир суткада 5 миңден ашуун жаңы инфекцияланган киши катталууда. Түркстан облусунан башка бардык аймактар “кызыл” зона деп жарыяланган.

30-августка карай вакцинанын биринчи компонентин 6,6 миллион киши алып, 5,3 миллион киши эмделип бүткөнүн коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал эми Түркмөнстан бийлиги пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинин бир да учуру катталбаганын айтып келатканы менен соңку жумаларда инфекциялангандар жана көз жумгандар көбөйүп жатат. “Азаттыктын” түркмөн редакциясы өз булактарына таянып маалымдагандай, Лебап облусунда өткөн аптада бир күндө оорудан 100гө жакын киши каза болду.

Өкмөт илдеттин жайылганын танганы менен, базарларды, соода жана оюн-зоок борборлорун жабуу өңдүү алдын алуу чараларын күчөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG