Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Казакстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды


Нур-Султан шаарындагы ооруканалардын бири.
Нур-Султан шаарындагы ооруканалардын бири.

Орусияда июль айында 50 миңден ашуун киши коронавирустан көз жумду. Өлкөнүн статистика комитети маалымдагандай, бул январь айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми казак бийлиги өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну күч алганын билдирди. 

Орусиянын ыкчам штабынын жекшембиге карата берген маалыматы боюнча, бир күндө коронавирустун 19 286 жаңы учуру катталды. Ал эми вирустан жалпысынан каза болгондордун саны 182 миңден ашты. Илдетти жуктургандар жети миллионго чукулдады.

Ал эми жыл башында коронавирус инфекциясынан 37 миң адам жарык дүйнө менен кош айтышкан. Орус өкмөтүнүн вице-премьери Татьяна Голикова мурдарак ооруга вирустун "дельта" штаммы себеп болгонун айткан.

Ошондой эле, Орусияда вируска байланыштуу чаралар жетишсиз экени байкалууда. Акыркы күндөрдө өзгөчө Санкт-Петербург жана Москва сыяктуу ири шаарларда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Ал эми "Росстаттын" маалыматы боюнча, июлда эле 50 миңден ашык жаран COVID-19дан көз жумган.

Ыктыярчы Надежда Круцких поликлиниканын хирургия жана терапия бөлүмүндө, ошондой эле "кызыл зонада" иштейт. Новокузнецк, 10-август. 2021-жыл.
Ыктыярчы Надежда Круцких поликлиниканын хирургия жана терапия бөлүмүндө, ошондой эле "кызыл зонада" иштейт. Новокузнецк, 10-август. 2021-жыл.

Орусиянын аймактарындагы дарыгерлер бейтаптарды дарылоого каражат жок экенине нааразылыгын билдирип жатышат. Мисалы өткөн аптада Түндүк Уралдагы шаардык оорукананын дарыгери Алексей Паршуков бейтаптары үчүн кымбат баалуу дары-дармектерди өзү сатып алууга мажбур болгондон кийин, колунда барлардан жардам сурап кайрылган.

"Эгерде мен унчукпай иштеп жүрө берсем, бара-бара жумушумдан жийиркенип, толук кандуу иштей албай калмакмын. Мындан улам колунда бар орусиялыктардан жардам суроо оюма келди. Анткени мындан ары унчукпай коюу мүмкүн эмес. Дарыгерлер, дары-дармектер жетишсиз", - деди Паршуков.

Ага бул билдирүүсүнөн кийин Орусиянын аймактарындагы дарыгерлер колдоо көрсөтүп, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медиктер жетишсиз экенин баса белгилешкен.

Ал ортодо Москва шаарынын мэриясы 15-августка чейин кызматкерлеринин 60% коронавируска каршы эмдеген уюмдарга кенемте убадалаган. Бул үчүн бир миллиард рубль бөлүнгөн, бирок азырынча бул эмдөөнүн ылдамдыгына өзгөчө таасирин тийгизе элек. Ал эми вакцина мигранттар үчүн бекер эмес, 1300 рубль турат. Бул акчаны мигрантка иш берүүчү төлөш керек. Ишкерлерде башка тандоо жок.

Орус бийлиги коронавируска каршы вакцинанын төрт түрүн иштеп чыгып, июнь айынан тарта бир катар аймактарда милдеттүү түрдө эмдөө киргизилген эле. Былтыр декабрда башталган эмдөө жай жүрүп жатканы айтылып келет. Акыркы маалыматтар боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын элдин 30%, ал эми эки дозасын 25% алды.

Казакстанда абал курчуду

Ал ортодо расмий Нур-Султан өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну күч алганын билдирди. Өзгөчө Алматы жана башкалаа Нур-Султанда вирусту жуктуруп алгандар көп катталууда.

Калктын жарымынан азы гана вакцинанын эки дозасын тең алышкан. Алматыда COVID-19га каршы иммундук катмар 41% түзөрү да маалымдалды.

Жандарбек Бекшин.
Жандарбек Бекшин.

Ал эми башкы дарыгер Жандарбек Бекшин эпидемиянын жайылышы пессимисттик божомол менен күчөп жатканын билдирди. Ал буга чейин эмдөө сертификатын сатып алгандар катталып, керектүү чаралар каралганын айтты. Бекшин эгерде сертификатты сатып алгандар муну мойнуна алса, эмдөөдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

"Вакцина алуу үчүн эмдөө борборуна келүү керек. Жасалма документ алгандар системада эмделген киши катары көрүнөт. Бирок өзү бул кылган ишти моюнуна алып, эмдөө пунктуна келсе болот. Алдын ала эмделүү бейтаптарды дарылоого караганда арзан болот. Андыктан бардык жарандар вакцина сайдырышы керек", - деди Бекшин.

Ал көбүнчө 20 жаштан 39 жашка чейинки жарандар бул илдетке көп чалдыкканын баса белгилейт. Экинчи орунда 40 жаштан 59 жашка чейинкилер, андан кийин гана пенсионерлер турат. Негизинен жарандар коронавирусту соода борборлорунан, той-топурда, коомдук транспортто жана базарда жуктурушат.

Коронавирустун төртүнчү толкуну Алматыда 12-августта күч алган. Ошондон бери шаарда күн сайын 1500ден ашык жаңы учур катталууда.

30-августта Казакстанда COVID-19 илдети 5 222 адамдан аныкталып, 124 киши каза болду. Оорунун жайылышы боюнча Алматы, Нур-Султан шаарлары жана Караганды облусу алдыга чыккан. Коңшу өлкөдө Түркстан облусунан башка бардык аймактар "кызыл зонадан" чыгарыла элек.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда бул илдет 785 миңге жакын кишиден аныкталып, 9 222 киши көз жумду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG