Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

COVID-19: АКШ Кыргызстанга 3,7 миллион сомдук гумжардам берди


АКШ элчилигинин өкүлү Кейт МакКи жана ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Акматов.
АКШ элчилигинин өкүлү Кейт МакКи жана ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Акматов.

АКШ Кыргызстанга коронавирустан коргонуу каражаттарын бөлүп берди. 26-августта Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жалпы баасы 3,7 миллион сомдук беткап, көз айнек жана санитардык кийим тапшырышты.

Бул коргонуучу жеке каражаттар ӨКМ системасынын коронавирусту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында иштеген кызматкерлерине бөлүштүрүлүп берилет.

Гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасында жалпысынан Кошмо Штаттар Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө 5 миллион долларлык жардам бөлгөнү айтылды.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну быйыл июнь айында башталып, азыр басаңдап калганы расмий айтылды. Бул оору 175 миңден ашуун адамга жугуп, алардын 2,5 миңинин өмүрүн алды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG