Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Караколдон бери сүзүп келаткан суучул Балыкчыдагы финишке жакындап калды


Владислав Шулико.
Владислав Шулико.

Караколдон Балыкчыга чейин Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү көздөгөн суучул Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылына келип калды. 27-августтун саат 11ине карата маалымат ушундай экенин "Азаттык" радиосуна аны коштоп жүргөндөр кабарлашты.

Спортчу 180 чакырымдын 170ин багындырып койду, азыр Балыкчыны көздөй сүзүп баратат.

Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган.

Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрөт.

Буга чейин 2018-жылы алты киши Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине сүзүп өтүү боюнча эл аралык Issyk-Kul Swim Challenge жарышына катышкан.

Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.

Владислав Шулико буга чейинбир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG