Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

227 киши Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Аларга ылайык, 227 адам (анын 48и балдар) кыргыз жарандыгын алды. Көпчүлүгү этникалык кыргыздар.

Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен 180 киши (30у балдар) жарандыктан чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-сентябрда кабарлады.

Президенттин 25-августтагы жарлыгынын негизинде көпчүлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн 548 адам кыргыз жарандыгын алган. Учурда өлкө калкынын саны – 6 млн 600 миң киши. Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашашат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG