Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

УКМК: милиция кызматкери пара алууга шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан сүрөт.

Пара талап кылуу фактысы боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы шектүү 9-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн операциянын негизинде колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Аламүдүн районунун тургунун алдамчылык кылды деп жоопко тартарын айтып коркутуп, баалуу сувенир жана 500 доллар талап кылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган милиция кызматкери атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG