Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

"Маариф" мектебинин ачылышы болот


Кыргызстан менен Түркиянын желектери.
Кыргызстан менен Түркиянын желектери.

10-сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.

Сапар алкагында жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.

Түркия альтернатива катары “Маариф” фондунун мектептерин сунуштаган. Кыргызстанда былтыр октябрь айында бийлик алмашкан соң тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда “Маариф” мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган.

Соңку жылдары Түркия Гүлен кыймылы менен байланышы бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG