Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Мадумаров: Кыргызстан толук изоляцияда калды


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстан тышкы саясатта толугу менен изоляцияда калганын айтты.

Мадумаров бул тууралуу "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө "2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келген саясий топтун ишин кандай баалайсыз", - деген суроого жооп берип жатып билдирди.

"Бир жылдан берки саясатты башаламандык деп баалайм. Алдыга эмес, артка кетүү болуп жатат. Тышкы саясатта толугу менен изоляцияда калдык. Кыргызстан менен эч ким мамиле түзгүсү келбей, эч ким эсептешпей калды. Бизге тек гана аны дагы кошуп чакырып койчу деген мамиле болуп жатат".

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолку шайлоодо депутаттар партиялык ачык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бийликтин алмашуусуна алып келген нааразылык митингинен кийин жокко чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG