Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

COVID-19: ДССУ бай мамлекеттерди жакыр өлкөлөргө көмөктөшүүгө чакырды


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү өз жарандарын коронавируска каршы үчүнчү жолу эмдөөнү убактылуу токтотуп, анын ордуна жакыр өлкөлөргө жардам берүүгө чакырды.

Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус 8-сентябрда экономикасы артта калган өлкөлөрдүн жарандарынын көпчүлүгү вируска каршы эмделе электигин билдирди.

“Дүйнөдөгү вакцина өндүрүүнү жана жеткирүүнү көзөмөлдөгөн мамлекеттер менен компаниялар жарды өлкөлөр ашып калган вакциналарга ыраазы болсун дегенине мен унчукпай кое албайм”, - деди Гебреисус.

Экономикасы өнүккөн бир катар өлкөлөрдө улгайган жарандарга же өнөкөт оорусу бар адамдарга кошумча вакцина сайылып жатат. Кошумча дозанын муктаждыгы убакыттын өтүшү менен вакцинанын эффективдүүлүгү төмөндөйт деген чочулоодон жана коронавирустун “Дельта” вариантынын жайылышынан улам жаралган.

Өткөн айда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы вакцинациядан өткөндөрдү кошумча эмдөөгө сентябрдын аягына чейин мораторий киргизүүгө үндөгөн.

Тедрос Аданом Гебреисус өнүккөн өлкөлөр жакыр мамлекеттерге коронавируска каршы вакцинанын кеминде 1 миллиард дозасын берүүнү убада кылганын, анын 15 пайызы гана аткарылганын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG