Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Түндүк Кореяда түнкү аскердик парад өттү


Ким Чен Ын Пхеньяндагы парадда, 9-сентябрь 2021-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньяндагы парадда, 9-сентябрь 2021-жыл.

Түндүк Корея 9-сентябрга караган түнү республиканын түзүлгөнүнүн 73 жылдыгына карата жарым-жартылай аскердик парад өткөрдү. Кореянын борбордук маалымат агенттиги Пхеньяндагы башкы аянтта уюштурулган парадга өлкөнүн бийликти бир колго топтогон лидери Ким Чен Ын өзү катышканын кабарлады.

Түндүк Корея адатта аскердик параддарды жаңы курал-жарактарын жана ракеталык системаларын көрсөтүү үчүн колдонуп келет. Бирок иш-чарадан кийин жарыяланган сүрөттөрдө жаңы аскердик техникалар байкалган жок.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөгө көз салып келе жаткан байкоочулар Ким Чен Ын мурдагыдан арыктай түшкөнүн белгилешүүдө. Өзөктүк куралы бар мамлекетти башкарган 37 жаштагы Ким Чен Ындын ашыкча салмагы жана саламаттыгына байланыштуу узак жылдардан бери ар кандай жоромолдор айтылып келет.

Быйыл Ким Чен Ын коомчулуктун алдына бир нече ай бою чыкпай калганда анын ден соолугуна байланыштуу айың кептер күчөгөн эле. Аны улай июнь айында Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Ким Чен Ындын кыйла арыктай түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG