Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

СОVID-19: Ашхабад министрдин ооруганын четке какты


Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов.

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов коронавирус менен ооруп жатканы маалым болду. Министр эки жума мурда Ахал вилайетинде курулган жаңы ооруканага жаткан.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын ишенимдүү булактары өлкөнүн тышкы иштер министри Рашид Мередов 24-августта коронавирус диагнозу менен ооруканага жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, башкы диплoматка вирустун «дельта» түрү жукканы аныкталган.

Жеке булактардын бири 61 жаштагы Мередов Ахал вилайетинин Гоктепе аймагындагы Ызгант айылында жаңы салынган жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жатканын айтты.

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

"Былтыр ноябрда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун туулуп-өскөн айылында ачылган бул ооруканага заманбап жабдуулар коюлган. Мага ал жакта Мередов дарыланып жатканын, абалы туруктуу экенин айтышты ”, - дейт бийликке жакын булак.

Мередовду кесиптештери соңку ирет 20-августта Министрлер кабинетинин жыйынында көрүшкөн. Андан берки өкмөттүн эки жыйынында тең тышкы иштерди тескеген министр катышкан эмес.

Белгилей кетчү жагдай, түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Өзбекстанга сапарын министр Мередов эмес, вице-премьер-министр Эсенмурад Оразгелдиев даярдап жатат.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири жана расмий тараптардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес. Анткен менен "Азатлык" радиосунун ("Азаттыктын" түркмөн кызматы) журналисти Тышкы иштер министрлигинин кызматкери менен байланышууга үлгүрдү. Ал министр ооруп жатканын четке кагып, иш ордунда экенин айткан.

"Министр өз ордунда. Бизди "Азатлык" радиосу анын абалына тынчсызданып жатканы кубандырат, бирок ал коронавирус менен ооруган жок. Анын иштөө графиги Ооганстандагы жана жалпы эле дүйнөдө болгон окуяларга байланыштуу. Министр ооруган жок, кам санабаңыздар", - деди түркмөн тышкы иштер мекемесинин өкүлү.

Мередов акыркы бир нече аптадан бери Ооганстан маселеси боюнча бир дагы жолугушууга катышкан эмес.

"Азатлык" радиосунун журналисттери ушул жана Бердымухамедовдун Өзбекстанга сапары тууралуу сураганда журналисттер байланышкан министрликтин кызматкери жооп берүүдөн баш тартты.

Түркмөн өкмөтүнө жакын булак, президенттин Өзбекстанга бара турган күнү азырынча тактала электигин, бирок сапар жакында болорун гана айтты.

"Кыязы, алар Мередовдун айыкканын гана күтүп турушат. Анткени министр сөзсүз президентти коштоп барышы керек", - деп билдирди булак.

Ягшыгелди Какаев парламенттин жыйынында. 2009-жыл.
Ягшыгелди Какаев парламенттин жыйынында. 2009-жыл.

Рашид Мередов Түркмөнстанда коронавируска чалдыккан биринчи аткаминер эмес.

Былтыр июлда COVID-19дан түркмөн саясий элитасынын дагы бир таасирдүү адамы Ягшыгелди Какаев көз жумган.

Расмий Ашхабад 61 жаштагы Какаевдин оорусу жана өлүмү тууралуу маалымат берген эмес. Быйыл февралда президент анын атын Ашхабаддагы Эл аралык мунай жана газ университетине берүүнү буюрду.

Былтыр пандемия күч алганда Лебап вилайетинин Фарап районунун 55 жаштагы акими Хасан Меткулиев пневмониядан улам каза болгон. Бийлик да, расмий маалымат каражаттары да анын өлүмү тууралуу эч нерсе жарыялашкан жок.

Өлүм-житим көбөйдү, дары-дармек тартыш

Ал арада Ашхабад шаарынын ооруканаларында коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүп жатканы айтылууда. Өлүкканадан сөөктөрдү жакындарына желим баштыктарга ороп салып берип, дароо жерге берүүнү талап кылышат.

Ооруканаларда бейтаптардын өлүмүнүн себеби кагазда башкача көрсөтүлөт.

Өткөн айда Ооганстан жана Өзбекстан менен чектеш Лебап облусунда коронавирустун "дельта" түрү жайылып жатканы кабарланган. Мындан улам өлүм-житимдин саны да көбөйгөн.

Лебапта дары-дармектин жетишсиздиги байкалууда. Мамлекеттик дарыканалардан табылбаган дары-дармек колдо 10 эсе кымбатка сатылганы айтылууда.

Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны быйыл июнь айында өсө баштаган. Ошондон бери башкалаа Ашхабад, Лебап жана Мары шаарларында бир катар ооруканалар, бүтүндөй айыл-кыштактар, аймактар карантинге жабылган.

Мындан улам түркмөн бийлиги кайрадан карантиндик чектөөлөрдү да жана калкка милдеттүү түрдө эмдөө киргизди.

Түркмөнстан жыл башында Орусиянын эки вакцинасын каттап, сынай баштаган. Кийин Кытайдан "Синофарм" вакцинасын да алды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG