Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Кытай Кыргызстанга 1500 тонна буудай берет


Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын буудайы. Архивдик сүрөт.

Кытай мамлекети Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын берет. Бул тууралуу 9-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганда айтылды.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.

Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотту. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG