Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Исхак Пирматовго өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды


Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

“Кумтөр иши” боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды. Мындай өкүмдү 9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Махабат Бекишева чыгарды.

Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган.

Ал тергөө менен кызматташканы үчүн 15-июлда эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлду.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.

Аларга “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Алардын ичинен Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Исхак Пирматов менен Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулган.

Өмүрбек Бабанов ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу 27-июлда камактан бошотулуп, чет өлкөдөн дарыланып келди. Ушул тапта дарылануусун үйүндө улантып жатат.

Исхак Пирматовго карата сот өкүмү “Кумтөр иши” боюнча биринчи сот чечими болуп калды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG