Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:44

АКШ талибдер түзгөн өкмөткө тынчсыздануусун билдирди


Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо отурган) "Талибандын" жаңы өкмөт башчысынын орун басары болуп дайындалды. 16-сентябрь, 2021-жыл.
Молдо Абдул Гани Барадар (ортодо отурган) "Талибандын" жаңы өкмөт башчысынын орун басары болуп дайындалды. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Америка Кошмо Штаттары Кабулдагы талибдер баштаган ооган өкмөтүн убактылуу же өткөөл министрлер кабинети катары сыпаттады.

"Администрацияда эч ким, президент дагы, улуттук коопсуздук кызматынан дагы талибдер эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн угат жана урматтайт деп ырасташпайт. Алар азырынча ынандырган жок", - деди Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки.

Буга чейин шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиянын жана башка 20га жакын өлкөнүн жетекчилиги менен болгон онлайн жолугушуудан кийин, Ооганстандын жаңы өкмөтү иштери менен легитимдүүлүккө, ишеничке кириш керек деген.

"Талибан" кыймылы 7 -сентябрда Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялаган. Жалаң эркектерден турган өкмөттө көп жылдардан бери согушуп жүргөн жоочулар басымдуулук кылат. Алар өлкөнү шариаттын катаал мыйзамына кайтаруу ниетин билдиришти. Түзүмдү БУУнун "кара тизмесине" кирген молдо Мухаммад Хасан Ахунд жетектейт. Кабинеттин дагы бир мүчөсү Сиражуддин Хаккани АКШда террордук уюмдардын тизмесине кирген топту жетектейт.

Кыргызстан Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөт тууралуу позициясын билдире элек.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжанов “Ташкент Ооганстанда өткөөл өкмөт түзүлгөнүн кубаттайт” деп баяндама жасады.

15-августта Ооганстандын борбору Кабулга талибдер басып кирип, өлкө аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялашкан.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG