Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Парламент тыңшоо боюнча маалымат укту


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы

Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында парламенттин айрым депутаттарынын телефондору тыңшалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев баяндама жасап, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев менен УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу чакырылган. Бирок жыйынга Самидин уулу келген жок. Вице-спикер Аида Касымалиева анын келишин камсыздоо үчүн парламенттин аппаратына бир нече жолу кайрылды.

Аширхожаев былтыр 5-6 жана 9-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча иштин алкагында 6-январдан 10-февралга чейин бир катар активисттердин, коомдук ишмерлердин жана депутаттардын телефону тыңшалганын билдирди.

Ал бардык аракеттер соттун чечими менен мыйзамдуу болгонуна ишендирди.

“Соттун чечими менен бизге айрым кишилерди тыңшоого уруксат берилген. Ал 6-январдан 10-февралга чейин алынган. Андан кийин уруксат узартылган эмес. Азыр кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн сырын ачпоо үчүн деталдуу айтып бере албайм”.

Телефону тыңшалган депутаттардын бири Мурадыл Мадеминов ага кандай кылмыш иши козголгонуна кызыкты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширхожаев эл өкүлүнө кылмыш иши козголбогонун, тыңшоо иштери жалпы берилген тизме менен гана ишке ашты деген жооп кайтарды.

“Анын өзүнүн процедурасы бар. Ыкчам кызматкерлер рапорт берип кайрылат. Кайсы кызматкер кайрылганын айта албайм, тергөө жүрүп жатат. Сиз бизге расмий кайрылыңыз, ошондо жооп беребиз”, - деди Аширхожаев.

6-январдан 10-февралга чейин телефону тыңшалгандардын арасында эл өкүлү Дастан Бекешев дагы бар. Ал жыйында депутаттардын кол тийбестиги бар экенин белгилеп, алардын телефонун тыңшоо үчүн башкы прокурордун өтүнүчү болушу керектигин эске салды.

“Эмнеге катардагы прокурор кайрылып, аны сот канааттандырып жатат? Эмнеге башкы прокурор кайрылбайт? Ал (башкы прокурор - ред) дагы депутат болгон да”, - деди депутат.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча депутат жеке тинтүүгө жана текшерүүгө гана алынбай турганын билдирди. Андан башка учурларда депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууда башкы прокурордун өтүнүчү жана Жогорку Кеңештин макулдугу керектигин кошумчалады.

“Телефонду тыңшоо жалпы негиздер менен ишке ашат. Башкы прокурор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууда гана Жогорку Кеңешке жеке өтүнүч келтирет. Бул Кылмыш-процессуалдык кодексинде так жазылган”, - деди ал.

Бекешев былтыр 5-октябрда аянтта УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы болгонун, ал эмнеге суракка чакырылбаганына кызыкты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“5-октябрда ал дагы аянтта болчу, жүргөн. Мен аны менен учурушкам, керек болсо эл алдында да сүйлөгөн. Кантип ушундай болуп калды? Аны суракка чакырганга аракет кылып көргүлө, эртең кызматтан алынасыңар, аны жакшы түшүнүп турасыңар. Садыр Жапаров чакырылды беле? Анын суракка барганын укканым жок. Ал 6-октябрда аянтта жүрбөдү беле, эртең менен”, - деди депутат.

Ал эми депутат Аманкул Токтомамбетов эл өкүлдөрүн тыңшоо үчүн берилген рапортто алар "катардагы жарандар катары көрсөтүлгөнбү" деп сурады.

Министрдин орун басары алгач рапортто ЖК депутаттарын тыңшоо катардагы жарандар катары алынганын айтып, бирок депутаттын кайталап берген суроосунан кийин "мен ал материалдарды карай элекмин, карап сизге тактап берейин" деп жооп берди.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан.

Ички иштер министрлиги тыңшоо иши коомчулукта талаш-тартыш жараткандан кийин билдирүү таратып, мекеменин аракеттери мыйзамдуу болгонун белгилеген. Ошондой эле, Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүүнү Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырганын маалымдаган.

Телефонду тыңшоого Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов уруксат берген. Райондук сот “судья мыйзамдарга ылайык акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алды деп эсептей” турганын билдирген.

“Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери, Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Тергөө иштериндеги судья мекемелер аралык тергөө тобунун атайын аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Судья өтүнүчтү өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык чечкен”, - деп жазылган билдирүүдө.

Телефону тыңшалгандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Мурадыл Мадеминов, саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG