Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Сосновканын тоо этектеринде өрт чыкты


Бишкек-Ош жолунун 83-чакырымында, Сосновка айылынын тушундагы тоо этектеринде куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өрт тууралуу маалымат келип түшөр менен саат 17:43тө өрт өчүрүүчү автоунаада төрт куткаруучу жерине чыгып кеткен. Ал жер бийик тоолуу болгондуктан кечинде иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан төрт куткаруучу өрттү көзөмөлгө алып турат. Өрт толук өчө элек", - деп айтылат анда.

7-сентябрда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөп, бадал-дарактар өртөнүп кеткен. ӨКМ ал жердеги өрт дагы толук өчүрүлө электигин, 9-августта өчүрүү иштери улантыларын кабарлады

Чоң-Кеминдеги өрткө шалаакылык себеп болушу мүмкүндүгү айтылды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG