Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чолпон-Атада медициналык-реабилитациялык комплекс ачылды


Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Ден соолук" медициналык-реаблитациялык комплексинде.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Ден соолук" медициналык-реаблитациялык комплексинде.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун базасында жүрөк кемтиги бар балага биринчи акысыз операция жасалды.

Президент ушул жылдын 19-мартында "Ден соолук" комплексинде болуп, калктын сапаттуу медициналык кызмат алышы үчүн анда капиталдык реконструкциялоо иштерин ыкчам баштоону тапшырган.

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор жалпы өлүм-житимдин жарымына барабар.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG