Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Жанар Акаев: Күздөгү шайлоо - президент үчүн сыноо (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого былтыркы шайлоодогудай бийликчил үч партия даяр экенин билдирди. Акаев бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышып жатып айтты.

"Алдыдагы парламенттик шайлоо - президент Садыр Жапаровдун саясий эркин, сөзүнө канчалык тура ала турганын сынай турган шайлоо. Өлкөдө чоң бурулуш жасаш үчүн радикалдуу кадамдар, бекем саясий эрк керек. Азыркы бийлик шаардык кеңештерге шайлоодо ортозаар эркин билдирди. Эгер президент чын эле дос-тууган, ака-үка, куда-сөөк деген принциптерден кетип, бардык партияларга бирдей мамиле кылса, анда таза шайлоо болот жана саясий күчтөр консолидация болуп, президент узак мөөнөт иштейт. Эгер аны кылбаса чоң тобокелдиктер күтүп турат", - деди Акаев.

Жанарбек Акаев азырынча бийликтин атын жамынып чыгып аткан партияларды президент колдойт деп бир беткей айтуу эрте экенин, президент шайлоо жакындаганда административдик ресурс, добуш сатып алууну колдонуп жаткан партияларды шайлоодон четтетиши мүмкүн экенин айтты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул жолу депутаттар партиялык ачык тизме жана бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык бийликтин алмашуусуна алып келген. Натыйжада ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG