Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Кургакчылыктан улам буудай, арпанын түшүмү азайып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 23-августка карата Кыргызстанда дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 380 миң гектар аянттан жыйналып, 536 миң тонна дан бастырылды.

Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайды. Буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%, картошканыкы 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7%, мөмө -жемиштердики 6,5% жана жашылчаныкы 2,4% кыскарды. Өлкөдө дан эгиндеринин чабыла турган аянтынын 66% жыйналып алынды.

Кыргызстанда июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотту. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG