Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Коронавирустан эки киши каза болуп, 104 жаңы учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2563 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 104 адамдан аныкталды. Алардын 61и Бишкек шаарында катталган. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 883 кишиге жетти.

Алардын 698и ооруканада жатат, дагы 1122 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 137 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 048 киши.

Кыргызстанда 10-сентябрга чейин калкты коронавируска каршы массалык эмдөө акциясы жүрүп жатат. Өлкө боюнча эмделгендердин жалпы саны 1,2 млн. ашты. Алардын 720 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG