Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Ташкент Ооганстанда өткөөл өкмөт түзүлгөнүн кубаттады


Өзбекстандын байрагы.
Өзбекстандын байрагы.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжанов “Ташкент Ооганстанда өткөөл өкмөт түзүлгөнүн кубаттайт” деп баяндама жасады.

“Бул чечим мамлекетте тынчтык жана бейпилдик орнотуу жаатындагы алгачкы кадам болоруна үмүт артабыз. Ооганстандын жаңы мамлекеттик мекемелери менен конструктивдик алака жана өз ара карым-катышты өркүндөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз”, - деди ал. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин "Телеграмдагы" каналында кабар таратылды.

Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы 7-сентябрда жаңы өкмөттүн курамын жарыялаган. Мамлекеттин башына 60 жаштагы радикалдуу кыймылдын жетекчиси Хайбатулла Ахунзада отурду.

Талибдердин жетекчилеринин бири Сиражуддин Хакканинин иниси Анас Хаккани “Биз Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстандын өткөөл өкмөтүн карай таштаган оң кадамын кадырлайбыз”, - деп "Твиттерге" жазды.

15-августта "Талибан" кыймылы Кабулдагы өкмөттү кулатып, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аяктаганын жарыялаган эле. Президент Ашраф Гани ошол күнү Ооганстандан чыгып кеткени айтылды.

14-августтан тарта АКШ башка союздаштары менен 122 миңден ашуун кишини ооган жергесинен эвакуациялады. Августтун этегинде Вашингтон америкалык аскерлерин толук чыгарып кетип, 20 жылдык аскердик миссиясы аяктаганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG